Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №53
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка айылындагы жеке менчик жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылынын Шамшиев көчөсүндөгү 8030310020807-кодундагы 7000.00 м.кв турак жай багытындагы жеке менчик жердин максаттуу багытын базар жана өндүрүш аймагына өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын негизинде, Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылынын Шамшиев көчөсүндөгү 8030310020807-кодундагы 7000.00 м.кв турак жай багытындагы жеке менчик жердин максаттуу багытын базар жана өндүрүш аймагына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|