Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-ноябры №55
Арка айылындагы ветеринардык ишкананын имаратын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик эсебинен чыгаруу жөнүндө
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде катталган ветеринардык ишкана кыргыз-тажик чек ара тилкесине туш келип, чек араны тосууга тоскоол болгондуктан, ветеринардык ишкананы бузуп, тазалоо үчүн муниципалдык менчик эсебинен чыгаруу максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде катталган ветеринардык ишкана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик эсебинен чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|