Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-ноябры №56
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоо
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Айтбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы жалпы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарды түзүү, инвентаризацияга керектелүүчү акча каражатын кароо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|