Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-декабры №61
Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-34-беренелерине ылайык Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна № 101, 102, 104, 105, 190, 191, 193, 194 – контурлардан убактылуу пайдаланууга 25,15га, биротоло пайдаланууга 16,08га, жалпы 41,20га жер тилкелери бөлүнүп берилишине макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Айтбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|