Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-декабры №63
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын И.Раззаков көчөсүнүн №22 дарегиндеги турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын негизинде, Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын И.Раззаков көчөсүнүн №22 дарегиндеги турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнү, унаа жуучу жай, желимдөөчү жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|