Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2024-жыл 07-июну №6

 

С.Дозонов атындагы орто мектептин жылуулук системасына акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 06.06.2024-жылдагы №01-19/369 чыгыш сандуу кайрылуусунун 4-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек айылындагы С.Дозонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебиненин кышкы жылуулук системаларына керектелүүчү каражаттарга 155 000 (жүз элүү беш миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

 

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев