Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2024-жыл 07-июну №7

 

Резерв фондтун көлөмун 2%га көтөрүп берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 24.05.2024-жылдагы №01-19/238  чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жардамга муктаж жарандар көп болгондуктан жана ар кандай багыттагы маселелериди чечүү үчүн мыйзамдуу жагын кароо менен Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондун 2% га көтөрүүгө уруксат берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев