Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №59
Электр энергиясынын лимиттин жетишсиздигине байланыштуу, ичүү
суусу үчүн терең насостун убактылуу иштөө тартиби жөнүндө
Муниципалдык ишкана "Чалдовар-Сервис" директорунун электр энергиясын пайдалануу боюнча лимиттин жетишсиздигине байланыштуу жаралган оор кырдаал тууралуу маалыматын, ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы жана терең насосту сутка бою иштетүүгө каржы жетишсиздиги тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү сууну камсыздаган терең насостун убактылуу иштөө тартибин бекитсин:
-күн сайын 2026-жылдын 01-январына чейин саат 19:00дөн 07:00гө чейин өчүрүлүп, лимит жана каржылоо маселелери турукташканга чейин ушул тартипте иштесин.
Айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын:
-белгиленген убакта ичүүчү суунун үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу;
-суу берүү графигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу айыл аймагындагы калкты өз убагында кабардар кылуу;
-электр энергиясынын чыгымын көзөмөлдөө жана эсепке алуу.
2. Айыл өкмөтү 2026-жылга жашоо-тиричиликти камсыздоочу объектилер үчүн каралган электр энергиясынын лимитин кайра кароо же көбөйтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын социалдык маселелер боюнча депутаттык комиссия жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |