Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №65
№1 Чалдовар жалпы билим берүү орто мектебине В.Я.Захарченко
ысымы ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өткөргөн 2025-жылдын 11-апрелиндеги №18-3942 протоколдун 5-пунктуна ылайык, өлкөдөгү аты жок жалпы билим берүүчү мектептерге Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук инсандарынын ысымдарын ыйгаруу боюнча сунуштарды берүү тапшырмасы негизинде, №1 Чалдовар жалпы орто билим берүү мектебинине 2009-жылы В.Я. Захарченконун ысымы ыйгарылгандыгы жөнүндө мамлекеттик каттоодон өтүп, ГР №0061140 күбөлүгү 2009-жылдын 9-апрелинде алынган. Бирок мекеменин атын өзгөртүү тууралуу чыгарылган мамлекеттик реестрдин түп нуска токтому жоголгондугу белгиленди. Мектеп жетекчилиги жогоруда көрсөтүлгөн аталыштын укуктук статусун тастыктоону суранышат. Ушуну эске алуу менен, Фрунзе айылдык кеңеш токтом кылат:
1.№1 Чалдовар жалпы орто билим берүү мектебине В.Я. Захарченконун ысымы кайрадан ыйгарылсын.
2.Мектептин аталышын кайрадан каттоого алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерди берүү тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталып, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |