Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) муктаждыктары боюнча илимий-изилдөө иштерин (мындан ары - ИИИ) жүргүзүү аркылуу өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобонун милдети мамлекеттик органдарда ИИИни жүргүзүү үчүн талаптарды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Мамлекеттик органдарда ИИИни жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт, ошол эле учурда ИИИ жогоруда аталган Мыйзамды түшүнүүдө кызмат көрсөтүү катары каралат.
4. ИИИ мамлекеттик органдын негизги иши боюнча мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин илимий негиздүүлүгүн иштеп чыгуу үчүн аткарылат.
5. Ушул Жобо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү, мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан ИИИни жүргүзүүгө колдонулбайт. Ушул Жобо "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу мамлекеттик заказ боюнча ИИИни түзүү тартибине да колдонулбайт.
2-глава. ИИИнин тематикаларына талаптар
6. Илимий иштин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча ИИИ жүргүзүлөт:
1) илимий-инновациялык иш;
2) илимий жана илимий-техникалык иш;
3) илимий-маалыматтык иш;
4) тажрыйба-конструктордук иштер;
5) колдонмо илимий изилдөөлөр;
6) фундаменталдык илимий изилдөөлөр.
7. ИИИни жүргүзүүгө сунуштар төмөнкүдөй учурда берилиши мүмкүн, эгер алар:
1) мамлекеттик органдын стратегиялык милдеттерин чечүүгө багытталса;
2) жалпы мамлекеттик тармактык же тармактар аралык мүнөздө болсо;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кирсе.
8. ИИИ төмөнкүдөй максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:
1) өндүрүштө жаңы техниканы, технологияларды жана материалдарды, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү;
2) инновациялык продуктуну алуу;
3) мамлекеттик программаларды жана милдеттерди иштеп чыгуу, чечүү;
4) илимий-техникалык платформа үчүн жаңы маалыматтарды алуу жана башкалар.
3-глава. ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби
9. ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды түзүү төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды топтоо;
2) коллегиялуу орган - илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) тарабынан сунуштарды кароо;
3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ИИИни жүргүзүүгө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ишти уюштуруу.
10. Мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды топтоо мамлекеттик органдын ишинин алкагындагы актуалдуу маселелер боюнча жүргүзүлөт.
Сунуштар төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен түзүлүүгө тийиш:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо үчүн баштапкы материалдар;
2) ИИИ концепциясы.
11. ИИИ концепциясы төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
1) сунушталган иштин максаты жана милдеттери, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу (улуттук жана/же мамлекеттик программаны же социалдык-экономикалык проблеманы көрсөтүү менен);
2) тиешелүү багыттын (проблеманын) өнүгүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларынын абалын талдоо, сунушталган иштин жаңылыгын баалоо;
3) ИИИни аткаруу үчүн талап кылынган ресурстарды баалоо (конструктордук-технологиялык жана өндүрүштүк база боюнча ИИИ аткаруучулары үчүн талаптар);
4) ИИИден күтүүлөр, натыйжалардын болжолу, анын ичинде экологиялык, социалдык, долбоордун актуалдуулугун жоготуу тобокелдигинин болжолдору;
5) ИИИнин ишинин календардык планы;
6) уюштуруу маселелери жана ИИИни аткарууну финансылык жана ресурстук камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштар.
12. ИТК түзүлгөн сунуштарды карайт жана 3 жуманын ичинде өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдын жетекчисинин кароосуна жиберет.
13. ИТКнын чечими төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
1) мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен ИИИни жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун (мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын максаттарына, милдеттерине жана артыкчылыктарына шайкештигин);
2) ИИИнин оригиналдуулугу жөнүндө маалыматты;
3) улуттук жана/же мамлекеттик программаларга (стратегиялык документтерге) же социалдык-экономикалык проблемаларга шайкештиги жөнүндө маалыматты.
14. Мамлекеттик органдын жетекчиси ИИИнин тандалган темалары боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Тандалган темалар боюнча "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган жол-жоболор жүргүзүлөт.
16. Тиешелүү жол-жоболор менен аныкталган юридикалык же жеке жак ИИИни аткаруучу болуп саналат.
17. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдар ИИИнин аткаруучулары боло алат.
18. Аткаруучуда техникалык өзгөчөлүккө ылайык ИИИни аткаруу үчүн талап кылынган жабдуулар болууга тийиш. Кадрдык курамга жогорку кесиптик билими бар адистер кирүүгө тийиш, окумуштуулук даражанын болушу артыкчылык болуп саналат.
19. Аткаруучулар ИИИни жүргүзүүгө илимий, илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишке тартышы мүмкүн.
20. Зарыл болгон учурда мамлекеттик орган аткаруучуну тиешелүү жабдуулар менен камсыз кыла алат.
21. Аткаруучу ИИИни аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, материалдарды жана башканы сатып алууга укуктуу.
22. Аткаруучу ар бир 6 айда жарым жылдык аралыктык отчетту, календардык жылдын жыйынтыгы боюнча - жылдык, ошондой эле ИИИ аяктаганда - жыйынтыктоочу отчетту берүүгө милдеттүү.
Отчеттор мамлекеттер аралык МАМСТ 7.32-2017 стандартына ылайык берилет.
23. ИИИнин алынган натыйжаларын баалоо ушул Жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык ИТК тарабынан жүргүзүлөт.