Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын илимий-техникалык кеңеши жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын илимий-техникалык кеңеши жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) илимий-техникалык кеңешинин негизги милдеттерин, функцияларын, укуктарын, ишин уюштурууну, иш тартибин аныктайт.
2. Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) - мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин илимий негиздүүлүгү үчүн түзүлүүчү мамлекеттик органдын консультациялык-кеңеш берүүчү, эксперттик, коллегиялуу органы.
3. ИТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин, ошондой эле ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
2-глава. ИТКнын негизги милдеттери жана функциялары
4. ИТКнын негизги милдеттери илим жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү, ошондой эле тиешелүү тармакта илимий-изилдөө иштерин (мындан ары - ИИИ) жана долбоорлорду жүргүзүүнү координациялоо болуп саналат.
5. ИТКнын функциялары:
- мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын чегинде илимий-техникалык жана инновациялык саясатты түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде илимий ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктары, механизмдери жана шарттары боюнча сунуштарды, ошондой эле илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдын илимий жана илимий-техникалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана ИИИнин негизги багыттарын аныктоо;
- ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды кароо, алардын аткарылышын контролдоо, иштеп чыгуулардын илимий-техникалык баалуулугун аныктоо, алардын илимий жана практикалык мааниси жөнүндө сунуштамаларды жана корутундуларды даярдоо;
- мамлекеттик органдын максаттуу жана илимий-техникалык программаларын кароо жана талдоо, аларды түзүү боюнча сунуштарды жана мамлекеттик каржылоо үчүн ИИИ боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- эл аралык кызматташуунун алкагында ИИИ боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдын ишин маалыматтык-аналитикалык коштоо жана илим, техника жана инновациялар маселелери боюнча бизнес-түзүмдөр, билим берүү, илимий уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү;
- илим системасындагы маалыматтык жана илимий-техникалык тейлөөнү камсыз кылууну контролдоо;
- ИИИни жүргүзүүгө таасир этүүчү илимий-экономикалык, ченемдик укуктук жана уюштуруучулук маселелерди кароо жана илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдынкы илимий жана илимий-методикалык чечимдерди пайдалануу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- тиешелүү чөйрөдөгү жаңы жетишкендиктерди өндүрүштө колдонууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- ИИИнин натыйжаларын баалоо.
6. ИТКнын ишинин негизги принциптери:
- ачык-айкындуулук;
- коллегиялуулук;
- чечимдердин илимий негиздүүлүгү;
- ачыктык;
- объективдүүлүк;
- эксперттердин көз карандысыздыгы;
- кеңештин мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги.
3-глава. ИТКнын укуктары жана милдеттери
7. ИТК өзүнүн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- ИТКнын функцияларына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- илимий, билим берүү жана башка уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен ИТКнын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого;
- өзүнүн ишине окумуштууларды жана адистерди, башка мамлекеттик органдын ИТК мүчөлөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик заказ боюнча каржылануучу ИИИнин жетекчилеринин билдирүүлөрүн жана отчетторун угууга;
- ИТКнын ишине тиешелүү маселелер боюнча убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
- илимий-техникалык кызматташуу жана илим жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу максатында мамлекеттик органдардын, илимий, илимий-техникалык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ИТКнын кеңейтилген жыйналыштарын өткөрүүгө;
- илим чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды киргизүүгө.