Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-декабры № 1146-т
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “2025-2030-жылдардагы көп тармактуу ишти колдоо фонду” программасын каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында каржылануучу, 1,0 млн АКШ доллары суммасына “Жалал-Абад облусунун айылдарын суу менен камсыздоо жана санитария системаларын өнүктүрүү” долбоорунун 1-фазасын даярдоо” долбоорун даярдоо үчүн иш-чарага субгрант жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик, расмий (расмий эмес котормо) жана англис тилдеринде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |