Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры №14/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
04.12.2025-жылдагы №01-6/3270
каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 24.09.2025-жылдагы №01-6/2773 каты жөнүндө 26.09.2025—жылдагы №11/1 токтомунун 1-пунктун өзгөртүү Көк-Жангак шаарынын И.Разаков кичи көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан, аянты 18962м2 болгон Автобаза “Тулпар” ишканасынын жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин жана багыты көп кабатуу үй курууга өзгөртүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жангак шаарынын И.Разаков кичи көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан, аянты 18962м2 болгон Автобаза “Тулпар” ишканасынын жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин жана багыты көп кабаттуу үй курууга деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экономика –өндүрүш жана инвестиции тартуу жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы: |
Б.М.Исмаилов |