Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/1
“Мады айыл аймагынын Социализм айылынын Өжөр участкасындагы 47,08 га кайрак айдоо жер аянтын, 3,14 га жайыт жер аянтын, жалпы 50,22 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №1004 контурунда жайгашкан 34,08 га жана №1007 контурунда жайгашкан 13,0 кайрак айдоо жер аянттарын, №994 контурдагы 2,90 га, №1006 контурундагы 0,10 га, №1003 контурдагы 0,14 га жайыт жер аянттарын, жалпысы 50,22га жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновдун билдирүүсүн, жер адиси Р.Сидиковдун маалыматын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин негиз кылып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Социализм айылындагы №1004 контурунда жайгашкан 34,08 га кайрак айдоо жер аянты, №1007 контурунда жайгашкан 13,0 кайрак айдоо жер аянтын, Социализм айылындагы №994 контурларында жайгашкан 2,90 га жайыт жер аянтын, №1006 контурунда жайгашкан 0,10 га жайыт жер аянтын, №1003 контурдан 0,14 га жайыт жер аянтын, жалпысы 50,22га жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу,тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |