Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №2
“Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан фельдшердик-акушердик пункттун куруп берүү боюнча долбоорлорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө”
1. Манас шаарынын мэриясынын 03.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/76693-сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХXI сессиясы
2. ТОКТОМ КЫЛАТ:
3. 1. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын Гулистан айылына фельдшердик-акушердик пункттун куруп берүү долбоорунун сметалык баасы 13 418 115 (он үч миллион төрт жүз он сегиз миң жүз он беш) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
4. 2. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясына сметалык баасы 13 418 115 (он үч миллион төрт жүз он сегиз миң жүз он беш) сом түзгөн Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын Гулистан айылына фельдшердик-акушердик пункттун куруп берүү долбоордун жалпы суммасынан 20% тактап айтканда 2 683 623 (эки миллион алты жүз сексен үч миң алты жүз жыйырма үч) сом акча каражатын Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. 3. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын Курманбек атындагы муниципалдык аймактык башкаруусунун Дача кичи шаарсынын Ж.Жусупбеков көчөсү №1в дарегиндеги муниципалдык жер тилкеге фельдшердик-акушердик пункттун куруп берүү берүү долбоорунун сметалык баасы 12 504 454 (он эки миллион беш жүз төрт миң төрт жүз элүү төрт) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
6. 4. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясына сметалык баасы 12 504 454 (он эки миллион беш жүз төрт миң төрт жүз элүү төрт) сом түзгөн Манас шаарынын Курманбек атындагы муниципалдык аймактык башкаруусунун Дача кичи шаарсынын Ж.Жусупбеков көчөсү №1в дарегиндеги муниципалдык жер тилкеге фельдшердик-акушердик пункттун куруп берүү долбоордун жалпы суммасынан 20% тактап айтканда 2 500 891 (эки миллион беш жүз миң сегиз жүз токсон бир) сом акча каражатын Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
7.
8. Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
9. 4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
10. 5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11. 6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага: | Болотов Н.Б. |