Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев
айыл аймагынынайылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы
2025-жылдын 22-декабры № 70
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен Исфайрам муниципалдык ишканасына субсидия берүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен Исфайрам муниципалдык ишканасына субсидия берүү боюнча Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |
А. Масалиев айылдык кеңешинин
2025-жылдын «___» __________ №___ токтомуна тиркеме
“Исфайрам” муниципалдык ишканасынын чыгымдарын компенсациялоо үчүн А. Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык ишкананын чыгымдарын компенсациялоо үчүн А. Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) жөнгө салуучу тарифтер боюнча муниципалдык таштанды ташуучу транспорт жана таза сууга байланыштуу пайда болуучу муниципалдык ишкананын чыгымдарын компенсациялоо үчүн А. Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен субсидия бөлүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Субсидиялар иш жүзүндөгү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтурууну камсыздабаган жөнгө салуучу тарифтер боюнча таштанды ташуучу транспорт жана таза сууга байланыштуу келип чыккан жабылбаган чыгымдардын ордун толтуруу максатында А. Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетинен муниципалдык ишканага берилет.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
субсидия - иш жүзүндөгү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтурууну камсыздабаган жөнгө салуучу тарифтер боюнча таштанды ташуучу транспорт жана таза сууга байланыштуу келип чыккан жабылбаган чыгымдарды компенсациялоо үчүн муниципалдык ишканасына акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары.
жөнгө салынуучу тарифтер – А.Масалиев айылдык кеңешинин чечими менен бекитилген А.Масалиев айыл аймагында таштанды ташуу жана таза суу менен камсыз кылууга карата тарифтер.
экономикалык негизделген чыгымдар - муниципалдык ишкана таштанды ташуу процессинде жүргүзүлгөн акчалай маанидеги чыгымдарынын жыйындысы, таза суу берүүдө жүргүзүлгөн акчалай чыгымдарынын жыйындысы, анын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан тийиштүү мезгилде белгиленген салыктар жана рентабелдүүлүк.
муниципалдык ишкана - “Исфайрам” муниципалдык ишканасы.
А. Масалиев айыл өкмөтү укуктуу органы – А. Масалиев айыл өкмөт аймагында таштандыларды ташуу жана инфратүзүмүнүн иштешин камсыздоо чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жана башкарууну ишке ашыруучу А. Масалиев айыл өкмөтү.
5. Субсидияларды төлөө үчүн зарыл болгон финансы каражаттары А. Масалиев айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасынын негизинде тийиштүү жылга А. Масалиев айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүүдө жыл сайын каралат.
6. Бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасы менен төмөндөгүлөр аныкталат:
субсидиялардын өлчөмү (көлөмү);
субсидиянын өлчөмүн (көлөмүн) ай сайын бөлүштүрүү.
2. Субсидиялардын өлчөмүн (көлөмүн) аныктоо тартиби
7. Бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасына салынган субсидиялардын өлчөмүн (көлөмүн) эсептөө үчүн негиз катары таштанды ташуунун пландуу өздүк наркы алынат, ал чыгымдардын төмөнкү беренелерин камтыйт:
1)таштанды ташууга карата чыгашалар төмөндөгүлөргө карата чыгымдардан турат:
штаттык ырааттамага ылайык эсептелген эмгек акы фонду;
социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
100 километр жүрүүгө карата ченемдик маалыматтардын негизинде күйүүчү майга жана майлоочу материалдарга карата чыгымдар;
100 километр жүрүүгө карата эскирүү ченемдерине ылайык автодөңгөлөккө карата чыгымдар;
муниципалдык транспорттун утурумдук оңдоого карата чыгымдары:
жалпы чарбалык чыгашалар;
2) таштанды ташуунун пландуу көлөмү;
1 м3 таштанды ташуунун пландуу өздүк наркы төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
С/с 1-жүр. = Rжалп. : О,
мында:
С/с жүр. – таштанды ташуунун пландуу өздүк наркы;
Rжалп - таштанды ташуунун пландуу чыгашалары;
О - таштандынын көлөмү.
Субсидиялардын өлчөмү төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
∑дот. = (С/с 1-жүр. -Tтариф) х P план,
мында:
∑дот. -субсидиянын суммасы;
С/с - таштанды ташуунун пландуу өздүк наркы;
Ттариф - бир м3 ташууга карата бекитилген тариф;
P – таштандынын пландуу көлөмү.
8. А. Масалиев айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын таштанды ташуунун пландык өздүк наркын аныктоо боюнча эсептөөлөрүнүн тууралыгын текшерет жана оңдоолорду киргизет.
3. Чыгымдарды жабууга карата субсидияларды төлөө тартиби
9. Муниципалдык ишканалардын чыгымдарын жабууга карата субсидияларды төлөө ыйгарым укуктуу финансы органы тарабынан ай сайын жүргүзүлөт.
Субсидия негизинен таштанды ташууда көмөк көрсөтүү максатында жана айыл аймактагы социалдык объекттерди таза суусун камсыздоодо, таштандыларын ташууга, аймактагы аз камсыз болгон үй -бүлөлөргө көмөктөшүүдө төлөмдөр жүргүзүлөт.
10. Муниципалдык ишкана таштанды ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасында түзүлгөн муниципалдык ишканалардын чыгымдарын жабууга карата субсидия өлчөмү 1 м3 таштанды ташууга карата экономикалык негизделген иш жүзүндөгү чыгымдар менен 1 м3 ташууга бекитилген тарифтин ортосундагы айырманы эсептөө, аны отчеттук айдын ичинде ташылган таштандыларлын иш жүзүндөгү санына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
11. Чыгымдарды жабууга субсидия которуу үчүн муниципалдык ишканалар ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө А. Масалиев айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органына жана ыйгарым укуктуу финансы органына иш жүзүндө ташылган таштандылардын саны, таштанды ташуудан түшкөн кирешелер жана чыгашалар жөнүндө 1-форма, 2-форма боюнча отчетторду (мындан ары ай сайын берилүүчү отчеттор), 3-форма боюнча чыгымдарды жабууга субсидиялардын өлчөмдөрүнүн эсептерин жана тастыктоочу документтерди беришет.
12. А. Масалиев айыл өкмөтүнү ыйгарым укуктуу органы муниципалдык ишкана тарабынан берилген чыгымдарды жабууга карата ай сайын берилүүчү отчеттордун, чыгымдарды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөөлөрдүн тууралыгын текшерет жана 20 сына чейинки мөөнөттө субсидияны которуу үчүн ыйгарым укуктуу финансылык органга табыштама жөнөтөт.
13. Ыйгарым укуктуу финансы орган А. Масалиев айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органынын табыштамасынын негизинде, ай сайынкы отчетторго, эсептөөлөргө жана тиркелүүчү тастыктоочу документтерге ылайык субсидияларды которот.
4. Отчеттуулук
14. Муниципалдык ишкана берилген субсидиялардын пайдаланылышы жөнүндө квартал сайын жана жылдык отчетторду түзүшөт жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен аларды А. Масалиев айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органына жана ыйгарым укуктуу финансы органына беришет.
15. Берилген отчеттордун маалыматтарынын жана муниципалдык ишканалардын финансы-чарбалык иш-аракеттеринин көрсөткүчтөрүн талдоонун негизинде ыйгарым укуктуу финансы органы тарабынан учурдагы финансылык жылга субсидиялардын көлөмүн тактоо жүргүзүлөт. Отчеттук мезгилде субсидиялардын ашыкча же жетишсиз каржылоо кийинки отчеттук мезгилдин каржылоо көлөмүнө эсептелинет.
16. А. Масалиев айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы квартал сайын жана муниципалдык ишканалар тарабынан субсидияларды пайдалануунун максаттарынын, тартибинин жана шарттарынын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Айыл өкмөтү астында комиссия түзүлүп муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнүн максаттуулугу текшерилет.
17. Муниципалдык ишканалар тарабынан субсидияны пайдалануу шарттары бузулгандыгы белгиленген учурда, анын өлчөмүн табылган бузуулардын суммасына азайтуу жолу менен келечектеги мезгилге карата субсидиянын суммасын оңдоо жүргүзүлөт.
18. Муниципалдык ишканалардын жетекчилери берилген отчеттордун, эсептешүүлөрдүн жана документтердин аныктыгы, ошондой эле акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартышат.