Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/3
“Курманжан Датка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк
медицина борборунун филиалына тиешелүү болгон жалпы 2,79 га жер
аянтынан 0,10 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Курманжан Датка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй бүлөлүк медицина борборунун филиалына тиешелүү идентификациялык номери 5-04-10-1001-0453 сандуу жалпы 2,79 га жер аянтынан 0,10 га жер аянтын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына тиешелүү болгон идентификациялык номери 5-04-10-1001-0453 сандуу жалпы 2,79 га жер аянтынан 0,10 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |