Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев
айыл аймагынынайылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы
2025-жылдын 22-декабры № 71
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Колосок” балдар бакчасынын аталышын “Акылай” балдар бакчасы деп өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Колосок” балдар бакчасынын аталышын “Акылай” балдар бакчасы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |