Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев
айыл аймагынынайылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы
2025-жылдын 22-декабры № 72
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 150,0 га жер аянтынын башкы планынын деталдык пландоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөт өкмөтүнө караштуу Алыш айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 50,0 га жер аянты жана Кожо айылында түштүк –батыш тарабында жайгашкан 100,0 га жер аянты жалпы 150,0 га жер аянтынын башкы планынын деталдык пландоо долбооруна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |