Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/9
“Каарман айылындагы №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын курууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын куруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын курууга макулдук берилсин.
2. №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын курууда жалпы сметалык баасы 3 639 900 (үч миллион алты жүз отуз тогуз миң тогуз жүз) сомду түзүп, дем берүүчү (үлуштүк) гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты суралсын. Өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 639 900 (алты жүз отуз тогуз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |