Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/10
“Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебине от казан курууга жана ички жылытуу системасын орнотууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебине от казан куруу жана ички жылытуу системасын орнотуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнө караштуу Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебине от казан курууга жана ички жылытуу системасын орнотууга макулдук берилсин.
2. №97 Учкун орто мектебинин от казанын жана жылытуу системасын курууда жалпы сметалык баасы 5 866 407 ( беш миллион сегиз жүз алтымыш алты миң төрт жүз жети) сомду түзүп, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты суралсын. Өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 866 407 ( сегиз жүз алтымыш алты миң төрт жүз жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |