Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/12
“Тээке айылына фельдшердик-акушердик пункттун курууга макулдук
берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту авариялык абалга келгендигине байланыштуу жергиликтүү тургундардын муктаждыктарынын негизинде анын ордуна жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту авариялык абалда болгондуктан жаңыдан фельдшердик-акушердик пункттун курууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылына жаңыдан курулуучу ФАПтын жалпы сметалыкбаасы 11 273 768 (он бир миллион эки жүз жетимиш үч миң жети жүз алтымыш сегиз) сомду түзүп, дем берүүчү (үлуштүк) гранттын эсебинен 5 000 000 ( беш миллион) сом акча каражаты суралсын. Өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 273 768 ( бир миллион эки жүз жетимиш үч миң жети жүз алтымыш сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты суралсын.
4. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |