Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/3
“Мады айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жалпы сметалык суммасы 6 226 122 (алты миллион эки жүз жыйырма алты миң бир жүз жыйырма эки) сомду түзүп, дем берүүчү (үлүштук) гранттан 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты суралсын. Өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 226 122 ( бир миллион эки жүз жыйырма алты миң бир жүз жыйырма эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |