Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/4
“Назир уулу Байыш жана Карим Шоруков көчөлөрүнө тратуар курууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын Назир уулу Байыш жана Карим Шоруков көчөлөрүнө тратуар куруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын Назир уулу Байыш жана Карим Шоруков көчөлөрүрүнүн тратуар курууга макулдук берилсин.
2. Назир уулу Байыш жана Карим Шоруков көчөлөрүнө тратуар курууга жалпы сметалык баасы 5 812 070 (беш миллион сегиз жүз он эки миң жетимиш) сомду түзүп, дем берүүчү (үлуштүк) гранттан 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты суралсын. Өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 812 070 (сегиз жүз он эки миң жетимиш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |