Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/15
“Кызыл-Тал айылындагы жаңыдан курула турган мектептин 1,24 га жер аянтына бала бакча куруу үчүн калтырылган 0,46 га жер аянтын кошуу жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылына жаңы мектеп куруу үчүн идентификациялык номери 5-04-1003-0939 болгон 1,24 га жер аянты бөлүнгөн. Бирок ажыратылган жер аянты мектеп курууга жетишсиз болгондуктан, аталган жердин жанында жайгашкан идентификациялык номери 5-04-10-1003-0940 болгон бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн 0,46 га жер аянтын, жаңыдан курула турган мектептин жер аянтына кошуу боюнча Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Тал айылындагы жаңыдан курула турган мектептин идентификациялык номери 5-04-10-1003-0939 болгон 1,24 га жер аянтына бала бакча куруу үчүн ажыратылган идентификациялык номери 5-04-10-1003-0940 болгон 0,46 га жер аянтын жаңыдан курлуучу мектептин жер аянтына кошууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |