Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 01-06/12-05
Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылындагы “А.Пушкин” №6 атындагы орто мектептин фасадын темир тосмолорун жана асфальт-бетон төшөөсүн оңдоого Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылындагы “А.Пушкин” №6 атындагы орто мектептин фасадын темир тосмолорун жана асфальт-бетон төшөөсүн оңдоогоКыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 1 834 000 (бир млн сегиз жүз оттуз төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |