Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 05-ноябры, №11/16
“Кыргыз-Чек айылындагы М.Карабеков жана К.Шоруков көчөлөрүнө таза суу түтүкчөсүн тартууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылындагы М.Карабеков жана К.Шоруков көчөлөрүнө таза суу түтүкчөсүн тартуу боюнча жергиликтүү тургундардын муктаждыктарынын негизинде таза суу түтүгүн тартууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылындагы М.Карабеков жана К.Шоруков көчөлөрүнө таза суу түтүкчөлөрүн тартууга макулдук берилсин.
2. Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты суралсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |