Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры, №12/2
“Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебинин атын өзгөртүп Осмонов Таштандын ысымын коюуга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебинин атын өзгөртүп Осмонов Таштандын ысымын коюуга макулдук берүү жөнүндө мектеп директору А.Мирзакимованын сураныч катынын, Учкун айылынын тургундарынын жыйынынын протоколунун жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 3-декабрындагы отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы №97 Учкун орто мектебинин атын Осмонов Таштандын ысымын коюуга макулдук берилсин.
2. №97 Учкун орто мектебинин атын Осмонов Таштан деп өзгөртүү боюнча жогорку органдарга сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы мектеп директору А.Мирзакимовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |