Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры, №12/3
“Мады айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин ишин жогорулатуу максатында кеңселик компьютер жана принтерлерди алуу жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин ишин жогорулатуу максатында Мады айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси А.Шадановдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин ишин жогорулатуу максатында компьютер жана принтерлерди алуу жагын Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |