Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры, №12/4
“Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 11 айында кирешелер бөлүгүнө пландалган пландык көрсөткүчтөр ашыкча түшкөн акча каражаттарды бөлүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 11 айында кирешелердин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин маалыматын Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 11 айындагы кирешелердин пландан ашыкча аткарылышы 3000,0 миң сомго, ал эми 2025-жылга чыгаша бөлүгүнө тармактарга жылдырууга 2240,0 миң сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик сметасынын атайын каражаттар 70911 тармагынын 2218- статьясына 1300,0 (бир миллион үч жүз миң) миң сом кошумча планга киргизүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мады айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |