Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 9- сессиясы
2025-жылдын 4-июлу № 46
Шекер айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин долбоорун, 2027-2028-жылдарга божомолу жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин долбоорун, 2027-2028-жылдарга божомолун карап жана талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык аймактык Кеңеши, Шекер айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 45616,0 миң сом, чыгаша бөлүгүнүн долбоору 45616,0 миң сом өлчөмүндө, атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 5698,0 миң сом, чыгаша бөлүгүнүн долбоору 5698,0миң сом өлчөмүндө, жалпысынан 51314,0 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2026-жылга Шекер айыл өкмөтүнүн негизги жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
Катар № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Жалпысы |
1 | 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 13907,4 |
2 | 11122200 | Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 180,2 |
3 | 11311200 | Кыймылсыз мүлккө салык | 30 |
4 | 11321100 |
| 312 |
5 | 11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык | 380 |
6 | 13311200 | Теңдештирүүчү грант | 23678,3 |
7 | 14152100 |
| 610 |
8 | 14152200 | Жайыт үчүн ижара акы | 1000,1 |
9 | 14152600 | КФБунун жерлери үчүн ижара акы | 5400 |
10 | 14211900 | Башка мүлктү ижарага алуу үчүн төлөм
| 118 |
11 | 14238900 | Кызмат көрсөтүүнүн башка классифика-ган түрлөрү үчүн акы (Ата-энелерден балдар үчүн чогултуучу төлөмдөр) |
5698 |
|
| Жалпы түшүүчү киреше | 51314 |
2026-жылга Шекер айыл өкмөтүнүн негизги жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 51314.0 миң сом төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Анын ичинен:
· Айыл өкмөтүнүн аппаратына-21847, миң сом.
· Коргоо бөлүмү боюнча – 513,1 миң сом.
· Жайыт бөлүмү боюнча – 1000,1 миң сом.
· Китепкана-1513,2 миң сом
· Маданият үйү жана айылдык клуб-2457,6 миң сом.
· Музей-694,9 миң сом.
· Спорттук иш чаралар-1521,2 миң сом.
· Орто мектептер-2612,7миң сом.
· Балдар бакчасы- 11456,2 миң сом.
· Социалдык коргоо-2000,0 миң сом.
· Атайын каражаттар ата-энелер төлөмү-5698,0 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жөнүндөгү” 11.06.1998 жыл №78 мыйзамынын кийинки өзгөртүүлөрүнө жана толуктоолоруна ылайык, 2023-жылга каралган айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгашасынан 1 %-2%ке -513,1 миң сом Резервдик фонд түзүлсүн.
3. Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында “Кол тийгис акча каражаттарын камдоону уюштуруу жөнүндө “ буйругунун негизинде Шекер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1% -513,1 миң сом акча каражаты
“ Коргоо “ бөлүмүнө коюлсун.
4. Шекер айылдык аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт бөлүмүнө түшкөн кирешенин 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине алынсын.
5. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери ижарага келишим аркылуу конкурс жана аукциондун негизинде берилсин.
6. Ата-энелерден , балдар үчүн чогултуучу каражат (ата-энелер төлөмү) 2026-жылга кенже, орто жана жогорку тайпадагы балдарга азык-түлүктүн баасынын кескин жогорулап кеткендигине байланыштуу 50-00 сом тамак-ашка,ал эми бюджеттин эсебинен-18 -00 сом кеткен чыгымдардын өлчөмүндө бекитилсин.
7. Кайнар айылындагы “Кайнар Өмүр суу” жана Көк-Сай айылындагы «Туюк Төр таза суу» ,Шекер айылында “Тынчтык таза Суу” ичкен таза суу үчүн 1,0 т.сууга-5-00 сомдон же болбосо жан башына 5-00 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
8. Шекер айыл өкмөтүнүн, айыл аймактарындагы атайын таштанды таштоочу жайдан башка жайларга, таштанды таштап айлана чөйрөнү булгаган жарандарга
5,0 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөсү бекитилсин.
9. Шекер айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Шекер айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
10. Шекер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү жана каржы бөлүмүнүн бөлүм башчысы Мырзабекова М.С. милдеттендирилсин.
2. Шекер айылдык аймактык Кеңеши, Шекер айыл өкмөтүнүн 2027-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолу 49407,4 миң сом, чыгаша бөлүгүнүн божомолу 49407,4 миң сом өлчөмүндө, атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолу 5 698,0 миң сом,чыгаша бөлүгүнүн божомолу 5 698,0 миң сом өлчөмүндө, жалпысынан 55105,4 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.