Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 9- сессиясы
2025-жылдын 4-июлу № 47
Шекер айылындагы эски мончону конкурстун негизинде ижарага берүү жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн Шекер айылындагы союз учурунан калган эски мончону айыл тургундарынын кайрылууларын эске алып, кайрадан ишке киргизүү максатында, конкурстук негизде Шекер айыл аймагынын жеке ишкерлерине ижарага берүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл өкмөтүнүн Шекер айылындагы эски мончону мыйзам чегинде конкурстун негизинде узак мөөнөткө ижарага берүү жагы каралсын.
2. Конкурстун аныкталуучусу КРнын мыйзамдарынын негизинде эски мончону өз каражатынын эсебинен бүтүрүп ишке киргизүү мөөнөтү көргөзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |