Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 11- сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 54
Айыл өкмөтүнүн башчысына “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу автотранспорт алуу жөнүндө
Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» лизинг аркылу алуу максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алынсын.
2. Алынган автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгышалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |