Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 64
Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын негизги эсебине 10 –айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча кирешени бөлүштүрүү жөнүндө
Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын негизги эсебине 10 –айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча кирешени бөлүштүрүү жөнүндө;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык аймагынын бюджетинин негизги эсеби боюнча 2025-жылга бекитилген сметасына кошумча тушкон 137,4 (Жүз отуз жети миң төрт жүз) миң сом акчалай каражаты киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Шекер айылдык аймагынын бюджетинин негизги эсеби боюнча тендер аркылуу үнөмдөлгөн беренелер боюча акча каражаттарын жалпы суммасы 171,9 (жүз жетимиш бир миң тогуз жүз) миң сом акчалай каражаты кайра тиешелүү беренелерге отургузулсун.
3. Чыгаша бөлүгү төмөнкү бөлүмдөргө чыгымдалышы бекитилсин.
а) Шекер өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн авто унаа тетиктерин сатып алуу чыгымдар 2214- беренесине-25,0 (жыйырма беш миң) миң сом, ар кандай чыгымдар 2215-беренесине-185,5 (жүз сексен беш миң беш жүз ) миң сом, предметтерди жана материалдарды сатып алуу 2222- беренесине-25,1 (жыйырма беш миң бир жүз) миң сом акчалай каражаты чыгымдалсын.
б) Шекер өкмөтүнүн Маданият бөлүмүнүн социалдык фондко төгүүлөр 2121-беренесине-73,7 (жетимиш үч миң жети жүз) миң сом акчалай каражаты чыгымдалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү жана каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |