Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 67
Шекер айыл аймагынын Кайнар айылындагы күрөш залын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кайнар айылынын күрөш залды ремонттон өткөрүү демилгесин угуп,талкуулап Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайнар айылынын күрөш залды ремонттон өткөрүү долбоорунун өтүнмөсү белгиленсин.
2. Кайнар айылынын күрөш залды өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы наркы 2357,939 (Эки миллион үч жуз элүү жети миң тогуз жуз отуз тогуз) сомду түзгөндүгү белгиленсин жана долбоор жазылып, түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2004839 (эки миллион төрт миң сегиз жүз отуз тогуз миң) сом каржыланып берүү жагы суралсын.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 353100 (үч жүз элүү үч миң бир жүз) сом каражатты өздүк салым жергиликтүү бюджеттен которуп берүү жагы колго алынсын.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |