Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 69
Шекер айыл аймагынын Арчагул айылынын эс алуучу парк жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен Арчагул айылынын паркын толук кандуу бүтүрү боюнча демилгесин угуп, талкуулап Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арчагул айылынын паркын толук кандуу бүтүрү долбоорунун өтүнмөсү белгиленсин.
2. Арчагул айылынын паркын толук кандуу бүтүрү долбоорунун сметасынын жалпы наркы 963125 (Тогуз жүз алтымыш үч миң бир жүз жыйырма беш) сомду түзгөндүгү белгиленсин жана долбоор жазылып, түрткү берүүчү гранттын эсебинен 818656 (сегиз жуз он сегиз миң алты жүз элүү алты) сом каржыланып берүү жагы суралсын.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 144469 (жүз кырк төрт миң төрт жуз алтымыш тогуз ) сом каражатты өздүк салым жергиликтүү бюджеттен которуп берүү жагы колго алынсын.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |