Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 70
Шекер айыл аймагынын Арчагул айылынын Дүйшөн орто мектебине керектелүүчү эмеректерди алуу жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан Айтматов райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Арчагул айылынын Дүйшөн орто мектебине керектелүүчү эмеректерди алуу боюнча демилгесин угуп, талкуулап, Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арчагул айылынын Дүйшөн орто мектебине керектелүүчү эмеректерди алуу боюнча керектүү акча каражаты Айтматов райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
2. Арчагул айылынын Дүйшөн орто мектебине керектелүүчү эмеректерди алуу боюнча долбоорунун сметасынын жалпы наркы 1 545 200 (бир миллион беш жүз кырк беш миң эки жүз) сомду түзөт.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |