Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-декабры № 01-06/14-01
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан 32,8 га токой чарбасы эсебиндеги жерлерди Үч-Коргон токой чарбасынын макулдугу негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин эсебине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин 24.10.2025-жыл 01-34/950 санду катын негизинде, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 27.10.2025-жылдагы №01-16/1376 катына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндөгү” №62 Жарлыгына ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан 32,8 га токой чарбасы эсебиндеги жерлерди Үч-Коргон токой чарбасынын макулдугу негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин эсебине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |