Загрузка документа…
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 30
Жаңы-Коргон айылындагы Логистикалык борборду ишке берүү үчүн аукционго коюуга уруксат берүү жөнүндө
Жаңы-Коргон айылындагы Логистикалык борборду ишке берүү үчүн аукционго коюуга уруксат сураган Бирлик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-декабрындагы №01-04/1873 сандуу кайрылуу каты боюнча экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин билдирүүсүн угуп, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №9 протоколу менен берилген корутундусунун негизинде, Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Коргон айылындагы Логистикалык борборду мыйзам чегинде ижаралык шартта иштетүүгө берүү үчүн аукционго коюуга макулдук берилсин жана ушул боюнча мыйзамда белгиленген тартип боюнча айыл өкмөт башчы иш алып барсын.
2.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каламовго жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |