Загрузка документа…
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 31
Бирлик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мурдагы, эски кызматтык авто унаасын Бирлик айылдык кеңешинин ыкчам башкаруусуна бекитип берүү жөнүндө
Бирлик айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-декабрындагы кезексиз VIII сессиясында каралып, талкууланып, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №8 протоколу менен берилген корутундусунун негизинде, Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги, каттоо номери 00000030, мамлекеттик номери 03 344 AC Нива (LADA) үлгүсүндөгү мурдагы, эски кызматтык авто унаа Бирлик айылдык кеңешине ыкчам башкаруу үчүн бекитилип берилсин.
2.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жаановго жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |