Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №1
«Шамалдуу-Сай шаарынын аймагынан кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №270 Жарлыгына ылайык Шамалдуу-Сай шаарынын аймагынан кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө” шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 22.09.2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “ кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгынын жана Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин №1 протоколунун негизинде, Шамалдуу-Сай шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10 00 дө “Ш. Өтөбаев” атындагы шаардык Маданият үйүндө өткөрүү белгиленип, чакырылсын.
2. Шамалдуу-Сай шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. Шамалдуу-Сай шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча нормасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
4. Шамалдуу-Сай шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча элдик жыйындарды өткөрүүнүн графиги № 3 тиркемеге ылайык бекитилет. /тиркеме тиркелет/
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |