Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 38/6-9
Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 28.03.2025-жылдагы №01-19/1015 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын Талас шаарынын 2025-жылга карата бюджетин жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу планын бекитүү боюнча корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 310001,7 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 310001,7 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын. (1-2-тиркеме тиркелет).
2026-жылга киреше боюнча болжолу 328871,5 мин сом
2026-жылга киреше боюнча болжолу 362830,5 мин сом
4. Талас шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 3-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (3-тиркеме тиркелет).
5. Талас шаарынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын. (4,5-тиркемелер тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2024-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2025-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын. Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
8. 2025-жылдын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
9. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 24-беренесине ылайык шаардык бюджетке 1500,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
10. 2025-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин: