Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-июлу № 101
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу Майдан айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унаа алуу жөнүндө
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу Майдан айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унаа алуу жөнүндө маселесин карап Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу Майдан айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унаа алынсын. Кызматтык унаа алуу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Абдилатовго жүктөлсүн.
2. Лизинг аркылуу алынуучу кызматтык унаанын төлөмүнө байланыштуу акча каражатын бөлүп берүү милдети айыл өкмөтүнүн бөлүмүнүн башчысы К.Токтосуновго жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |