Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры № 856
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу, калкты документтештирүү жана каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
“17) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.”;
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“16 жашка толо элек баланы жалпы жарандык паспорт менен документтештирүүдө каттоонун же консулдук эсепке алуунун болушу талап кылынбайт.”.
– 20-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбогондо же болбосо 16 жашка толгон адамдын жалпы жарандык паспорту же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду;”;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
“4) улуту өзгөргөн учурда:
– алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта;
– ар башка улуттагы ата-энесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
– улутун өзгөртүү тууралуу аймактык бөлүмдүн корутундусу. Улутту өзгөртүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.”;