Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 107
Майдан айылынын тургуну Маарасул уулу Канкелдинин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Майдан айылынын тургуну Маарасул уулу Канкелдинин кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айылынын тургуну Маарасул уулу Канкелдинин, тайэнеси Жусупова Кайринсанын жеке менчик жер участогунан ашыкча 0,15 га жерди бөлүп, мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |