Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/70
Кошумча план суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34- беренеси жана Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кытай-Кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунунан пландан ашык түшкөн акча каражатына план суроо боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын Кытай-Кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунунан төлөө коду 14511400- жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө түшкөн 7 000 000(жети миллион), төлөө коду – 11111100 киреше салыгынан түшкөӊ 13 000 000 (он үч миллион) сом жалпаы 20 000 000 (жыйырма миллион) сом акча каражаты, түшкөндүгүнө байланыштуу кошумча план суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |