Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 113
Кара-Дөбө айылынын тургуну Тажибаев Кутпидиндин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Тажибаев Кутпидиндин кайрылуусун канааттандыруу максатында Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Кара-Дөбө айылынын тургуну Тажибаев Кутпидиндин турак-жай үчүн берилген жер аянтынын ичинен 500,0 чарчы метр жер аянтына элге кызмат көрсөтү үчүн соода сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тииштүү материалдарды Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысыкөзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |