Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 123
Айрыбаз айылынын тургуну К.Эгембердиевдин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну К.Эгембердиевдин кайрылуусун канааттандыруу максатында, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну К.Эгембердиевге турак-жай үчүн берилген идентификациялык коду 8-02-12-1001-1169 болгон, катталган жалпы 1000,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 200,0 чарчы метр жер аянтынын багытын элге кызмат көрсөтүүчү соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине байланыштуу тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө мыйзам чегинде расмий документтештирүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынМайдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |