Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 124
ОсОО “КлубМалинын” башкы директору Б.К.Мамыралиевдин кайрылуусу жөнүндө
ОсОО “КлубМалинын” башкы директору Б.К.Мамыралиев логистикалык борбор куруу максатында айылдык Кеңешке кайрылуу жолдогон. Кайрылуу Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын оң корутундусу менен колдоого алынып, маселени мыйзам чегинде чечүү зарылчылыгын эске алып Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “КлубМалинын” тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
2. Жер тилкесин пайдалануу укугу белгиленген тартипте жана келишимдин негизинде берилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |