Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №3
“Манас шаарын топографиялык сүрөткө тартуу, куруу, жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана деталдуу пландаштыруу долбоорун даярдоого бөлүнгөн акча каражатты колдонууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Респбуликасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №426 сандуу тескемесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 18.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8129 сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарын топографиялык сүрөткө тартуу, куруу, жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана деталдуу пландаштыруу долбоорун даярдоо үчүн бөлүнгөн 60 000 000 (алтымыш миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарын топографиялык сүрөткө тартуу, куруу, жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана деталдуу пландаштыруу долбоорун даярдоо үчүн бөлүнгөн акча каражатын Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |